Кыргыз маданият борбору
«Кыргыз маданият борбору» — аталышы эле айтып тургандай кыргыз маданиятына байланыштуу темалардагы материалдарды интернет айдыңынан чогултуп, иреттеп жарыялап келген сайт.
Ал өз ишин 2009-жылы баштаган болчу. Учурда ал кыргыз маданияты, кадда-салттары, дүйнө таанымы, улуттук оюндары, тамак-ашы тууралуу кенен маалыматтарды камтыган кыргыз тилдүү колдонуучулардын арасында белгилүү интернет-булакка айланды.
Сайт кыргыз адабиятына өзгөчө көңүл бөлүп келет. Андан 100дөн ашык кыргыз акын-жазуучулары тууралуу маалыматтарды чыгармалары менен кошо тапса болот.
Bizdin.kg
Bizdin.kg конушунун максаты – кыргыз тилиндеги мазмундардын (китеп, чыгарма, макала ж.б.у.с.) жетиштүүлүгүн арттыруу аркылуу кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошуу болуп саналат.
Аталган сайт 2009-ж. түптөлгөн. 2010 жай айларында китепкананы туруктуу негизде өнүктүрүү максатында “Биздин Мурас” коомдук фонду түзүлгөн. Анын жетекчиси Чоробек Сааданбеков.
Учурда бул жерде жарым миңге жакын кыргыз тилиндеги китептер жайгаштырылган жана кыргызча интернет-китепкананын эң ириси болуп саналат.
РухЭш
Бул сайт белгилүү акын жана жазуучу Олжобай Шакирдин жеке сайты болуп эсептелет. Кыргыз адабиятын өнүктүрүү масатында ал сайтында башка кыргыз акын-жазуучулардын, тарыхчылар жана философтордун чыгармаларын байма-бай жарыялап келет.
Чет элдик адабияттан котормолорго да көп көңүл бурулат. Ар түрдүү темалардагы адабий сынактарды такай уюштуруп туруусу менен белгилүү.
2016-жылдын соңунда ачылганы менен кыска убакыттын ичинде ал кыргыз адабиятына арналган бирден-бир мыкты сайт окурмандардын сүймөнчүгүнө айланды.